Камчыбек Ташиевдин өлкөгө качан келери белгилүү болду
УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга эртең, 13-февраль күнү келет. Бул тууралуу журналист Нургазы Анаркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Учурда социалдык тармактарда элдик генерал Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанга келер-келбеси боюнча ар кандай божомолдор айтылып жатат. Ошого байланыштуу, тактоо иретинде билдирип коюуну туура көрдүм.
Камчыбек Ташиев дарылануусу толук аягына чыкпаганына карабастан, кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эртең менен келет. Ошол эле учурда Камчыбек Ташиев тарапташтарына “эч ким мени тосуп алууга келбесин” - деген суранычын билдирди", - деп жазган Анаркулов.
Эске салсак, 10-февралда президент Садыр Жапаров жарлыкка кол коюп, ага ылайык Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан бошотулду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















