Зейн Малик: "Жижи Хадидди эч качан чындап сүйбөгөн болушум мүмкүн"
Дүйнөлүк ырчы Зейн Малик мурдагы сүйлөшкөн кызы, кызынын апасы атактуу модель Жижи Хадидди эч качан чындап сүйбөгөн болушу мүмкүн экенин билдирди. "Call Her Daddy" подкастында 33 жаштагы ырчы сезимдерин кайра карап чыгып, Жижиге болгон мамилеси сүйүүдөн көрө байланып калуу же кумар болушу ыктымал экенин айткан.
"Мурда муну сүйүү деп ойлочумун, бирок жылдар өткөн сайын жаңылышканымды түшүндүм. Балким, бул жөн гана кумар же башка бир нерсе болгон. Чыныгы сүйүү болгонуна ишене албайм", — деген Малик.
Ошол эле учурда ал Жижиге кызы Хай үчүн ар дайым ыраазы экенин жана аны урматтай турганын белгиледи. "Ал мага ата болуу мүмкүнчүлүгүн берди. Ал ар дайым мен үчүн кымбат адам бойдон калат", — деп кошумчалады.
Эске салсак, Жижи Хадид менен Зейн Малик 2015-жылдан тарта мамиле куруп, бир нече жолу ажырашып, кайра жарашкан. Акыркы жолу алар 2021-жылы, кызы төрөлгөндөн кийин бир жыл өткөн соң ажырашкан. Азыр Жижи актёр Брэдли Купер менен сүйлөшүп жүрөт, ал эми Зейн учурда жаңы мамиле издебей турганын айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















