Марк Энтони Бруклин Бекхэмди жалган маалымат таратууда айыптады
Ырчы Марк Энтони Виктория жана Дэвид Бекхэмдердин үй-бүлөсүндөгү чыр-чатакка байланыштуу айтылган Бруклин Бекхэмдин дооматтары "чындыкка дал келбейт" деп билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аты аталган жаңжалга аралашып калган Энтони бул маселе боюнча алгач ирет үн катып, жылдыздуу досторунун үй-бүлөлүк конфликтин "абдан өкүнүчтүү" деп атады.
"Бул үй-бүлө тууралуу айта турган көп сөзүм жок. Бул абдан сонун, мыкты үй-бүлө. Мен аларды балдары төрөлө электе эле билчүмүн. Үй-бүлө менен абдан жакынмын, бирок эмне болгону тууралуу так айта албайм. Баарынын ушундай нукта өнүгүп жатканы өтө өкүнүчтүү, бирок бул окуялар чындыкка дал келбейт", — деди Марк Энтони.
Эске салсак, буга чейин Бруклин Бекхэм апасы Виктория анын Никола Пельтц менен болгон үйлөнүү тоюндагы алгачкы бийин бузганын айткан. Анын айтымында, Марк Энтонинин өтүнүчү менен Виктория сахнага чыгып, ырчы аны "залдагы эң сулуу аял" деп атаган.
Азырынча Виктория менен Дэвид Бекхэм уулунун бул билдирүүлөрүнө расмий комментарий бере элек. Болгону бир маегинде Дэвид Бекхэм уулунун бул кадамын "катачылык" деп эсептей турганын кыйыр түрдө билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















