super.kg logo

Чаткал районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди (сүрөт, видео)

 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна кар калың жаагандыктан III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Маалыматты 13-февралда облустук өкүлчүлүктөн тастыкташты.

11-февралдан тарта жааган кардын кесепетинен Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине 10дон ашуун атайын техника тартылып, жолдорду кардан тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо иштери улантылууда.

Ушул күндөрү райондогу билим берүү мекемелери онлайн окутууга өткөрүлгөн. Калың кардын кесепетинен айрым айылдарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, райондук электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Ал эми Тогуз-Торо районунун аймагында да калың кар жаап, айрым айылдарда кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Тазалоо иштеринин натыйжасында бардык айылдарга жол каттамы камсыздалды. Мектептер онлайн режимге өткөрүлгөн.

Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун айрым тилкелеринде кар көчкү түшүп, коопсуздук максатында жол убактылуу жабылып, посттор коюлган. Ошондой эле жолдун Нарын облусунун Жумгал району менен чектешкен тилкесинде да кыймыл чектелген. Райондо электр энергиясы үзгүлтүккө учураган эмес",- деп билдирди өкүлчүлүк.

Эки райондо тең түзүлгөн кырдаал президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев тарабынан жеке көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтарга ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.






Чаткалда кар калың жаагандыктан өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: