super.kg logo

Таласта рейддердин жүрүшүндө уурдалган малдар ээлерине кайтарылды

 

Талас облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Бандит” жана “Арсенал” аталышындагы рейддик иш-чаралардын алкагында бир катар мал уурулук кылмыштарынын бети ачылды. Бул тууралуу Талас ОИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-февралда Талас РИИБине Талас районунун 1973-жылы туулган тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Ал 23-январга караган түнү мал сарайынан өзүнө тиешелүү эки баш торпок белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пункту (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө облус аймагында мал уурдоо менен алектенген эки адамдан турган кылмыштуу топ аныкталган. Шектүү катары Айтматов районунун 1985-жылы туулган тургуну Ж.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Анын көрсөтмөсүнө ылайык, кылмышты Айтматов районунун 1981-жылы туулган тургуну Т.Н. менен биргеликте жасаганы маалым болгон. Учурда Т.Н. изделүүдө.

Териштирүүнүн жүрүшүндө Ж.Р. дагы башка жарандардын малын уурдаганы аныкталып, жалпы 12 мал уурулук фактысына тиешеси бар экени такталган. Кечиктирилгис тинтүү иштеринин натыйжасында шектүүнүн жакындарынын үйүнөн 14 баш бодо мал табылып, анын ичинен 3 уй жана 11 торпок өз ээлерине кайтарылды.

Жабырлануучулар милиция кызматкерлерине ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылык билдиришти. Териштирүү иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: