Ырчы Нурчолпон Voice Beyond Horizon музыкалык шоусунда Димаш Кудайберген менен селкинчек тепти
Жакында Казакстандык белгилүү ырчы жана продюсер Димаш Кудайбергендин Voice Beyond Horizon аттуу музыкалык шоусу Түркстан шаарында расмий түрдө старт алган.
Долбоордун алгачкы эпизодуна 6 өлкөдөн 8 катышуучу чогулуп, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги музыкалык номерлер тартууланды. Кыргызстандын атынан ырчы Нурчолпон катышууда.
Проекттин алкагында Нурчолпон Димаш менен селкинчек тепкендигин көрүүгө болот. Нурчолпон Димашка бирге селкинчек тебүүнү сунуш кылган.
Voice Beyond Horizon шоусу тууралуу эмне белгилүү
Музыкалык долбоор Voice Beyond Horizon казакстандык дүйнөгө таанымал ырчы Димаш Кудайберген жана кытайлык медиахолдинг Hunan Broadcasting System менен биргеликте түзүлүүдө. Бул тууралуу долбоордун уюштуруучулары социалдык тармактарда маалымдашты.
Шоунун тартуулары Казакстандын белгилүү жана кооз аймактарында өтүп, алты регионду камтыйт. Алар: Түркстан, Маңгыстау, Алматы жана Акмола облустары, ошондой эле Алматы жана Астана шаарлары.
Долбоордун финалы өлкөнүн борбору — Астанада өтөт. Программанын алкагында Каспий деңизинин жээгинде жана Бозжыра каньонунда концерттик номерлер көрсөтүлөт. Катышуучулардын деңгээлин эл аралык эксперттер баалашат.
Музыкалык долбоор Казакстан Республикасынын Туризм жана спорт министрлиги, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Kazakh Tourism, ошондой эле аймактардын акимиаттары тарабынан колдоого алынган.
Нурчолпон Димаштын проектисинде
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















