super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Жумагулов "75 адамдын каты" боюнча пикирин билдирди (видео)

 

Саясат таануучу Бакытбек Жумагулов президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген "75 адамдын каты" боюнча "Номад ТВ” телеканалына комментарий берди.

Буга чейин 75 саясатчы жана коомдук ишмер Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы тууралуу катка кол коюшканы маалымдалган.

Телеканал билдиргендей, кол койгондордун бири, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков буга чейин ачык түрдө «отставкадагы орус генералдары менен кызматташууну улантарын» билдирген.

"Талгарбековдун байланышы болушу мүмкүн экенин тастыктай да, төгүндөй да албайм. Ошол сыяктуу эле мындай байланыштар кандайдыр бир ички саясий кырдаалга таасир эте алабы — бул да так эмес. Биз Орусия менен стратегиялык өнөктөштөрбүз. Эки маанилүү жана олуттуу уюмга: ЖККУ, ЕАЭБге мүчөбүз. Мындан тышкары биз Орусия жана Кытай менен биргеликте дагы бир маанилүү эл аралык түзүм — Шанхай кызматташтык уюмунун курамындабыз. Ошондуктан мындай уюмдардын алкагында турган мамлекеттерде мындай аракеттер, албетте, колдоого алынбайт жана көпчүлүк учурда орунсуз болуп саналат. Биздин стратегиялык өнөктөштүк олуттуу документтер менен бекемделген, парламент тарабынан ратификацияланган. Бул бекеринен эмес", - дейт ал.

Жумагулов айрым кол койгондордун бул демилгеден четтөө аракеттерине да токтолду.

«Мен кандайдыр бир документке кол коюудан мурда сөзсүз таанышып чыгып, өз позициямды билдирем. Эгер мен ошол позицияга макул болсом, анда, албетте, кол коём жана ага жараша себептерди түшүндүрүп бере алам. Айрыкча президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу сыяктуу олуттуу маселелер боюнча сөз болгондо, аргументтер менен жакшылап таанышып, так позицияга ээ болуу зарыл. Анткени кимдир-бирөө сурап калса, аны так жана жүйөлүү түшүндүрүп берүү керек", - деген саясат таануучу.

Эскерте кетсек, 11-февралда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген 75 адам суракка алынганы белгилүү болгон. Андан соң ИИМ алгач топтун активдүү мүчөлөрү болгон деген негизде коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев кармалганын кабарлаган. Көп узабай эле дагы эки мүчөсү, тагыраагы, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалганын билдирген.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалгандар 10-апрелге чейин камалышты. Маалым болгондой, Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков СИЗО-1ге камакка алынды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүмү, 36-беренеси, 278-беренесинин 1-бөлүмү менен айып тагылууда.









Саясат таануучу Жумагулов "75 адамдын каты" боюнча пикирин билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: