super.kg logo

Ошто "жалган" милиция кызматкери кармалды (видео)

 
Ош шаарында милициянын атын жамынып, ишкерден акча алып турган шектүү кармалды. Бул боюнча ИИМ бүгүн, 14-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырган үч адам укалоочу салонду тинтүүгө алып, ээсинен 32 миң сом опузалап алып кетишкен.
Кийинчерээк шектүүлөрдүн бири өзүн “Марсель” деп тааныштырган жаран дагы 15 000 сом алып, андан соң "калкалап турууну" убадалап, жума сайын 10 000 сомдон электрондук капчыгына котортуп турган. Жалпысынан жабырлануучудан 77 000 сом алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин негизинде (Опузалап талап кылуу) кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөрдүн бири 1993-жылы туулган К. уулу Н. кезектеги 10 миң сомду алуу учурунда кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөөдө анын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жоктугу аныкталды. Ошондой эле ал ушул сыяктуу бир нече кылмышты жасоого шектелүүдө.
Дагы эки шектүүлөргө карата ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: