Казакстандык спортчу Михаил Шайдоров Олимпиада чемпиону болду (видео)
Казакстандык спортчу Михаил Шайдоров Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында эркектер арасында муз тебүү боюнча алтын медаль утту. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
21 жаштагы Шайдоров эркин программасын казакстандык ырчы Димаш Кудайберген аткарган композициянын коштоосунда аткарды.
Шайдоровдун медалы Италияда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Казакстан үчүн биринчи медаль болду.
Михаил Шайдоровго чейин Казакстандын көркөм муз тебүү тарыхындагы жалгыз олимпиадалык медалды (коло) Денис Тен 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада жеңип алган. Ал эми Шайдоровдун жеңиши Казакстандын Кышкы Олимпиада оюндарындагы тарыхындагы экинчи алтын медаль болуп калды. Буга чейин биринчи алтынды 1994-жылы лыжачы Владимир Смирнов алган.
Спортчу Алматы шаарында туулган. Анын машыктыруучусу олимпиада чемпиону Алексей Урманов. Шайдоров дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси жана 2025-жылкы Төрт континенттин чемпиондугунун жеңүүчүсү.
Казак спортчусу кышкы Олимпиадада алтын медаль утту
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















