super.kg logo

Ошто эки "блогер" жигит кармалды

 
Ош шаарында өздөрүн блогер катары тааныштырып, опузалап акча талап кылганга шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу 14-февралда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр өздөрүн блогер катары тааныштырып, жарандардын ар кандай аракеттерин жашыруун видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялоо менен коркутуп, акча каражатын опузалап талап кылып жүргөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция тактагандай, 10-февралда көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү автоунаа токтотуучу жайда өзүнүн жеке автоунаасында тааныш кызы менен отурган жаранга шектүүлөр кайрылышкан.
Алар жабырлануучуну “жаныңдагы кызга адепсиз мамиле жасадың, биз аны видеого тартып алдык” деп коркутуп, тартылган видеону интернетке жарыялабаш үчүн 100 миң сом талап кылышкан. Шектүүнүн бири Мбанк эсебине жабырлануучудан 50 миң сом котортуп алган. Калган 50 миң сомду 12-февралда берүүнү талап кылышкан.
13-февралда шектүүлөр жабырлануучуга кайрадан телефон чалып, калган сумманы талап кылышкан. Алар 500 долларды накталай алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Жогорудагы жарандардын аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0990 95 70 00 же 102 номерлерине кайрылса болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: