super.kg logo

Кеминде тергөө кызматынын башчысы кармалды

 

УКМК тарабынан Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Б.М.Б. кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат 14-февралда маалымат таратты.

Билдирүүгө караганда, ал жашы жете элек кызды зордуктоо иши боюнча экспертиза үч адамдын (Н.Э., С.Б., К.Ө.) тиешеси бар экенин көрсөткөнүнө карабастан, эки шектүүнү кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, аларга карата ишти кыскартып койгон.

"Белгилей кетсек, Б.М.Б. өзүнүн кылмыштуу максаттарына жетүү жана мыйзамсыз чечимин мыйзамдаштыруу максатында өспүрүм баланы С.Б. жана К.Ө.нүн пайдасына атайылап жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаган", - деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Мындан тышкары УКМКнын тергөө органдары тарабынан өспүрүм кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишинин материалдары да тергелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: