super.kg logo

Акча, алтын жоголгон. Бишкекте батир уурулукка шектүү кармалды 

 

Бишкек шаарында батир уурулукка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Октябрь райондук милициясы билдиргендей, Тергөө кызматына Ж.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арызда ээсинин айтымында, 31-январга караган түнү белгисиз адамдар Көк-Жар конушундагы турак жайына терезеден кирип, акча жана алтын буюмдарын уурдап кетишкен. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 3 миллион сомду түзгөн.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда соттолгон 1989-жылы туулган жаран С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Шектүүдөн жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлерине байланышса болот: 0(508) 01-90-01 0(707) 33-35-38 же 102.







Бишкекте батир уурлукка шектүү кармалды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: