super.kg logo
  Саясат  

УКМК башчысы алмашып, төрага кызматын тапшырды. Өлкөдө бир аптадагы кадрдык өзгөрүүлөр 

 

Кыргызстанда бир жуманын ичинде (9-февралдан 15-февралга чейин) бир нече кызматтык бошотуулар, жаңы дайындоолор орун алды.

Алсак, 9-февралда Улан Жусупов өлкөнүн Улуу Британиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Ал аталган кызматка 2022-жылы барган.

10-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулганы кабарланды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Өлкө башчынын жарлыгына ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруу Жумгалбек Шабданбековго жүктөлдү.

УКМКнын төрагасынын 3 орун басары, тагыраагы, Даниэл Рысалиев, Курбанбек Авазов жана Элизар Сманов кызматтарынан бошотулду.

Буга улай эле президенттин буйругу менен Рустам Мамасадыков коопсуздук кеңешинин катчысы кызмат ордунан бошотулуп, УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Уранбек Шадыбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп бекитилсе, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Эрбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.

11-февралда Сыргак Бердикожоев жаңы түзүлгөн Мамлекеттик күзөт кызматын жетектемей болгону маалымдалды.

Ал эми Абдикарим Алимбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, жаңы түзүлгөн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болду.

12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматын тапшырып берди. Ушул эле күнү парламент жыйынында депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасы кылып Марлен Маматалиевди шайлап алышты.

Буга удаа президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңешинин катчысы кылып Адилет Орозбековду дайындады. Ал буга чейин президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болуп иштеп келген.

13-февралда Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулуп, президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Алмасбек Абытов аркалап келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Кечээ, 14-февралда башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов кызматынан бошотулуп, ал кызматка Залкарбек Акназаров барды. Маатов 2024-жылдын июнь айында бул кызматка дайындалган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: