Соцтармакта АКШдагы кыргыз жараны катышкан жол кырсыгы делген видео тарады
Социалдык тармакта АКШда кыргыз жараны катышкан жол кырсыгы учуру делген видео тарап жатат.
Белгилей кетсек, 3-февралда АКШда кыргызстандык жаран айдап бара жаткан оор жүк ташуучу унаа жеңил унаа менен кагылышып, төрт адам каза болгон. Учурда 30 жаштагы Б.Б. аттуу Кыргыз жараны кармоочу жайга киргизилип, иммиграциялык процедуралар аяктаганга чейин камакта болору маалымдалган.
Көп өтпөй Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жол кырсыгына күнөөлөнүп жаткан Кыргыз жараны менен баарлашканын билдирген. Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков парламент жыйынында кыргызстандык жаранга жардам берүү керектигин айткан.
Соцтармакта АКШдагы Кыргыз жараны катышкан жол кырсыгы делген видео тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















