Beeline'дан роуминг умра сапары учурунда байланышта болууга жардам берет

Ыйык Рамазан айында умра кылуу — терең руханий мааниге толгон өзгөчө саякат. Мындай сапарда байланыш жөн гана ыңгайлуулук эмес, маанилүү колдоо болуп саналат. Beeline'дын пайдалуу роуминг пакеттери менен керектүү учурда онлайн боло аласыз.
Жақындарыңызга чалып, маанилүү учурларды бөлүшүү же керектүү жерге маршрут түзүү мүмкүнчүлүгү үйдөн алыс жерде өзүңүздү ишенимдүү сезүүгө жардам берет. Сиз негизги нерсеге көңүл буруп, байланыш үчүн кабатыр болбошуңуз үчүн, Beeline улуттук мобилдик оператору роумингде пайдалуу жана ыңгайлуу интернет топтомдорун сунуштайт:
- 1 ГБ 499 сомго (кошуу: *718*1#);
- 5 ГБ 1999 сомго (кошуу: *718*5#);
- 10 ГБ 2999 сомго (кошуу: *718*10#).
Топтомдор 75 өлкөдө иштейт, демек, Сауд Арабиясына, Түркия, Кувейт же БАЭ аркылуу транзит менен учуп кетсеңиз дагы, мобилдик интернет сиз менен бирге болот. Кызматты команданын жардамы менен же «Мой Beeline» колдонмосунда туташтырууга же жаңыртууга болот. Топтомдордун жарактуулук мөөнөтү — 14 күн.
Роумингдеги интернет менен сизге ар дайым мессенджерлер, онлайн карталар жана санариптик кызматтар жеткиликтүү. Маанилүү саякатыңыз тынч жана жакшы ойлор менен өтсүн, ал эми Beeline Wi-Fi издебестен жана ашыкча түйшүксүз каалаган убакта байланышта болууга жардам берет.
Beeline — оператордон дагы артык.
КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















