Бишкекте унаа уурдоого шектүү кармалды
Бишкек шаарында унаа уурдоого шектүү кармалып, автоунаа өз ээсине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылды. Анда арыз ээси 2025-жылдын 5-октябрында саат болжол менен 18:00 чамасында өзүнө таандык KIA pikanto үлгүсүндөгү унаасын Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйүнүн короосуна токтотуп, Каракол шаарына чыгып кеткенин билдирди. Төрт күндөн кийин келип короосунан унаасын таппай калган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Унааны мыйзамсыз ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаран Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү унааны мыйзамсыз ээлеп алып, аны 80 миң сомго сатып жиберген. Унаа табылып, ээсине кайтарылды.
Тергөө уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















