super.kg logo

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелгендердин дагы бири кармалды

 
Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу 16-февралда Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Б.Э. жана М.Н. аттуу жарандар арматураны сатууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен И.Ю. аттуу жарандын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен ал жетектеген ишканага таандык арматураны өздөрүнө ыйгарып алышкан. Келтирилген материалдык зыян 2 миллион 400 миң сомду түзөт. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган Б.Э. аттуу жаран кармалды. Ошондой эле биринчи шектүү М.Н. аттуу жаран 15-январда кармалып, учурда камакта. Тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: