super.kg logo

Цукерберг, Байден, Кардашьян... Эпштейнге байланыштуу дагы 300дөй адамдын тизмеси жарыяланды 

 

АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди финансист Жеффри Эпштейн менен байланышы бар 300гө жакын белгилүүлөрдүн тизмесин бөлүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Тизмедеги ысымдар АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган материалдардан алынган. Анда мурдагы жана азыркы аткаминерлердин аттары кездешет. Алардын арасында Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри, америкалык жылдыз Ким Кардашьян, АКШнын мурдагы президенти Жо Байден, атактуу ишкер Марк Цукерберг жана башкалар бар.

Ошондой эле Пэм Бонди Федералдык иликтөө бюросу Эпштейндин иши менен байланышкан миңдеген барак материалдарды жашырып жатканын жана айрым маалыматтарды берүүнү сураганда толук ала албаганын билдирген.

Маалымат үчүн

2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: