Сүйүшкөндөр күнүндө Апулиядагы сүйүшкөндөр аркасы урап түштү
Италиянын түштүгүндөгү Апулияда жайгашкан белгилүү жаратылыш эстелиги - сүйүшкөндөр аркасы 14-февраль түнү катуу бороондон улам урап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жергиликтүү маалымат каражаттары бул окуяны Салентонун туристтик имиджин бузуу катары сыпатташкан. Мелендуньо шаарынын мэри Маурицио Чистернино аска аркасынын урашын аймак үчүн "чоң жоготуу" деп атаган. Ал бул окуяны "жүрөккө сокку" катары сыпаттап, аска Лечче провинциясынын эң таанымал жаратылыш эстеликтеринин бири болгонуна жана жыл сайын миңдеген туристтерди өзүнө тартканына токтолгон.
Чет элдик маалымат каражаттары кыйроо бир нече күнгө созулган бороон-чапкындардан жана жээкке сокку урган катуу шамалдардан кийин болгонун белгилешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:55
2026-02-16
11:42
2026-02-16
11:22
2026-02-16
10:33
2026-02-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















