super.kg logo

Тынчтык кеңешинин мүчөлөрү Газа үчүн 5 миллиард доллар каражат бөлүшөрү айтылды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Тынчтык кеңешинин өлкөлөрү Газа тилкеси үчүн 5 миллиард доллардан ашык каражат бөлүүгө убада беришкенин жарыялады.

"2026-жылдын 19-февралында биз Тынчтык кеңешин кайрадан чакырабыз. Мүчөлөр Газанын гуманитардык жана кайра куруу муктаждыктары үчүн 5 миллиард доллардан ашык каражат бөлүүгө убада беришкенин жарыялайбыз",- деп жазган ал Truth Social социалдык тармагында.

Андан тышкары, Трамп өлкөлөр Палестина анклавында тартипти сактоо үчүн миңдеген аскерлерди жана полицияны жайгаштырууга даяр экенин белгилеген.

"Тынчтык кеңеши тарыхтагы эң таасирдүү эл аралык уюм болот. Анын төрагалыгы мен үчүн сыймык",- деп кошумчалаган Трамп.

Мурда Associated Press маалымат булактарына шилтеме берип, Трамп келерки аптада Тынчтык кеңешинин биринчи расмий жыйынында Газаны кайра куруу боюнча көп миллиард долларлык планды жарыялай турганын билдирген. Алардын айтымында, Трамптын администрациясы 19-февралдагы жыйынга кеминде 20 өлкөнүн делегациялары катышат деп күтүүдө.

Тынчтык кеңешинин түзүлүшү АКШ президентинин Газа тилкесиндеги жаңжалды токтотуу боюнча сунушталган планынын бир бөлүгү болгон. Анын түзүлүшү январь айында жарыяланган.

Дүйнө жүзү боюнча 60ка жакын лидер кеңешке кошулууга чакыруу алышкан, алардын айрымдары негиздөөчү мүчөлөр катары. Трамп Тынчтык кеңешинин биринчи төрагасы болгон. Тынчтык кеңешинин инаугурация аземи 22-январда Давос шаарында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: