Каракол шаарында турак үйлөрдүн биринен чыккан өрттө түтүнгө ууланып бир адам каза болду
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, бир адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 23-январда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 22-январь күнү саат 09:26лар чамасында катталган. Анын кесепетинен турак үйдүн бөлмөсүндөгү төшөнчүлөр, кийимдер күйгөн. Ошондой эле бөлмөнүн ичинен түтүнгө ууланган, 1931-жылы туулган үй ээсинин жансыз денесин табылган. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.