"Түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө жол бербейм". Президенттин бул багыттагы пландары кандай?
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде өлкөдөгү түндүк-түштүк деп бөлүнүү маселеси акыркы жылдары азайганын билдирди.
Жапаровдун айтымында, ал саясатка 2005-жылы келгенде мындай бөлүнүүнү байкап, президент болгондон кийин элдин бул көйгөйүн айыктырууга сөз берген. Эми бул багытта кандай иштер жүрүүдө?
- Акимдер менен соттор 100 пайыз ротация болушкан. Түштүктө бир дагы түштүктүк аким жок, баары түндүктөн. Ошондой эле түндүктө бир дагы түндүктүк аким жок, баары түштүктөн. Соттор дагы ошондой. Жыйынтыгы көп күттүрбөй эле берди. Бөлүнүп-жарылуу азайды. Алдыда Кудай буюрса, айыл өкмөттөргө чейин жетебиз. Себеби антпесек, ошол эле айылдан чыккан жигит айыл өкмөт болсо, жакшы нерселердин баарын өзүнүн жакындарына ыйгарып койгон учурлар көп кездешип жатат.
2-3 жыл мурда “Акылман” мектебин ачып, түндүк-түштүктөн эң жакшы окуган акылдуу балдарды топтоп, мектеп-интернат кылып, Чолпон-Атада окутуп жатабыз. Мындай мектептер азыр бардык облустарда салынып жатат. 2-3 жылдан кийин бүтөт. Кыскасы өлкө боюнча 7-8 “Акылман” мектептери болот. Аларда окуган балдар-кыздарыбызды аралаштырып окутабыз. Мисалы, бүгүн Чолпон-Атада региондордун баарынан келип окуп жатышкан болсо, Ошко деле ошондой бардык облустан келип окушат. Алды 5-6 жылдан кийин өз кесиптери боюнча мамлекеттик кызматтарга келе башташат. Мына ошолор Кыргызстанды бөлүп-жарбаган келечектин кадрлары болот.
Ар бир облустун борборлоруна студенттик жатаканаларды салгыла, 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап, бюджеттик квоталар менен окуган студенттерди ротация кылабыз деп. Өкмөт башчысы менен министрлерди чогултуп, тапшырма бергем. Мисалы бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпысынан алганда 10 миң абитуриентке бюджеттик орун берилет экен. Ошонун 5 миңин түштүктүк абитуриенттерге, 5 миңин түндүктүк абитуриенттерге беребиз. Түндүктүк студент түштүктөн окуйт, түштүктүк студент түндүктөн окуйт.
Ошондуктан карапайым калкка кайрыламын. Алданбагыла, силерге түндүктүк президент болобу же түштүктүк президент болобу, айырмасы жок. Эң негизгиси таза иштеп берсе болду",- деди президент.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















