Эпштейндин 20 долларга гана сатып алган Нью-Йорктогу хан сарайы талкуу жаратты
АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган документтерге ылайык, жашы жете электерге сексуалдык зомбулук жасаган финансист Жеффри Эпштейн Нью-Йорктогу хан сарайын Victoria's Secret компаниясынын мурдагы башчысы Лесли Векснерден 20 долларга гана сатып алган.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан үй Нью-Йорк шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан. Аталган үй Эпштейндин кылмыштуу иштери жасалган үйлөрдүн бири катары эсептелет жана болжол менен 40 бөлмөдөн турат.
Лесли Векснер мындай үйдү 1989-жылы 13,2 миллион долларга сатып алып, оңдоо иштерин жүргүзгөн, бирок ал үйдө туруктуу жашаган эмес. Ал эми Федералдык иликтөө бюросу Векснер хан сарайды 1993-жылы Эпштейнге сатканы тууралуу документтерди бөлүшкөн. Бирок 2021-жылы The Wall Street Journal журналында бул үй 50 миллион долларга сатыла турганы жарыяланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















