Адаптивдик спортту өнүктүрүү жана спортчулардын эмгек стажын эсепке алуу маселеси талкууланды
Бүгүн, 16-февралда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Чынгыз Ажибаев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда дене тарбия жана спорт тармагындагы актуалдуу маселелер, ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү чаралары талкууланды.
Казыбек Молдажиев адаптивдик спорт менен машыккан, угуусу начар жарандар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштады. Анда тармактагы республикалык органдардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу жана спортчулардын эмгек стажын эсепке алуу боюнча жоболорду киргизүү каралган.
Өз кезегинде Чынгыз Ажибаев спортчулардын эмгек стажын эсепке алуу боюнча норма кесипкөй спортчуларды социалдык жактан колдоодо маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр сурдлимпиада кыймылын өнүктүрүүгө жана жарандарды спортко кеңири тартууга өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар спорт инфратүзүмүн өнүктүрүү, ченемдик-укуктук базаны чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















