Кыргызстан Азия кубогун өткөрүүгө талапкерлигин көрсөттү
Кыргыз футбол биримдиги 2028-жылы өтө турган Олимпиадалык курама командалар арасындагы Азия кубогун өткөрүү үчүн Азия футбол конфедерациясына расмий түрдө талапкерлигин тапшырганын кабарлады.Маалыматта бул мелдеш Азиядагы эң маанилүү турнирлердин бири болуп саналат жана ага континенттин 16 күчтүү улуттук курама командасы катышары белгиленген.
"Турнирди Кыргызстанда өткөрүү өлкөнүн футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эл аралык аброюн жогорулатууга жана жаштар арасында футболду кеңири жайылтууга чоң салым кошот. Талапкерлик алкагында КФБ эл аралык талаптарга жооп берген стадиондорду, машыгуу аянтчаларын, мейманкана инфраструктурасын жана транспорттук логистиканы камтыган комплекстүү концепцияны сунуштады. Өтүнмө АФКнын бардык регламенттик талаптарына ылайык даярдалды",- деп айтылат билдирүүдө.
Биримдик ошондой эле 2028-жылдагы турнирди өткөрүүгө Иордания, Япония, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстан да талапкерлигин көрсөтүшкөнүн кошумчалады.
Мындан тышкары, маалыматта Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрүнүн инфраструктураны жана өлкөнүн даярдыгын баалоо боюнча инспекциялык сапары 2-6-март күндөрүнө пландалганы белгиленди. Инспекциянын жыйынтыгы жана берилген документтердин негизинде турнирди кабыл алуучу өлкө боюнча акыркы чечим кабыл алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















