Бишкекте волейбол боюнча Кыргызстандын кыздар арасындагы Ачык чемпиондугу старт алды

Кечээ, 22-январда Бишкекте волейбол боюнча Кыргызстандын кыздар арасындагы Ачык чемпиондугу старт алып, 1-тур оюндары ойнолду. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7 команда катышып жаткан мелдештин 1-турунда “Улар” (Бишкек) командасы “Динамо УВД” (Жалал-Абад) командасын 3:1 эсебинде утса, “Салам-Алик” (Бишкек) да казакстандык “Спартак АМТ” командасын ушундай эле эсепте утуп, жер каратты. “Намыс” (Бишкек)-“Алай-Датка” (Ош) беттеши 3:0 эсебинде бишкектиктердин жеңиши менен аяктады.Бүгүн, 23-январда да 3 оюн орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:34
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.