Казакстанда жаңы Конституциянын долбоору жарыяланды
Казакстандын расмий маалымат каражаттары өлкөнүн жаңы Конституциясынын экинчи, жыйынтыктоочу долбоорун жарыялашты. "Курсив" басылмасынын жазганына караганда, документ жалпы республикалык референдумда колдоо тапса, Конституция кабыл алынган күн мамлекеттик майрам болуп белгиленет. Жаңы Башмыйзам 2026-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирери күтүлүүдө.
Долбоордо башкаруу системин жаңылоо, "Күчтүү президент – таасирдүү парламент (Курултай) – жооптуу өкмөт" принцибин бекемдөө каралган. Ошондой эле эл аралык келишимдердин укуктук макамы, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндиги маселелери камтылганы айтылат.
Жаңы редакцияда бир палаталуу мыйзам чыгаруу органы – Курултай түзүү сунушталып, анын бюджетти бекитүү, өкмөттүн отчётун угуу жана ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө ыйгарым укуктары кеңейтилген.
Долбоор коомчулукта талкууланып, акыркы чечим референдум аркылуу кабыл алынары белгиленүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















