Бишкекте жол куруу боюнча көрүстөн маселеси: Мэриянын расмий маалыматы
Бишкек шаарынын мэриясы Новопавловка айылынын тургундарынын Корсаков жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көрүстөндү көчүрүү боюнча суроолоруна байланыштуу учурдагы абалды түшүндүрдү.
“Бишкек аза кызматтары агенттиги” маалыматына ылайык, жолду көрүстөндүн аймагынан өткөрүү чечими кабыл алынса, болжол менен 1364 маркумдун сөөгүн кайра көмүү талап кылынат. Алардын ичинен 227си мусулман, 1137си христиан. Аймакта көмүү иштери 2024-жылга чейин жүргүзүлгөн.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, көрүстөн аймагы топурактын булгануу коркунучу жана узак убакытка сакталып калышы мүмкүн болгон микроорганизмдер аркылуу санитардык-эпидемиологиялык жактан кооптуу болушу мүмкүн.
“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык, калк арасында жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында мүрзөлөрдү казуу иштери сунушталбайт.
Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамдын алкагында жана тургундардын кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып барат. Мэрия тургундарды расмий маалыматка гана таянууга чакырат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















