super.kg logo

Министр Мирбек Мамбеталиев аксакалдар институту менен кызматташат

 

Бүгүн, 16-февраль күнү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Даанышман Аксакалдар Ордосу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда президент Садыр Жапаров демилгелеген “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” концепциясынын алкагында улуттук баалуулуктарды сактоо, жаштарды руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоо жана коомдук тарбия иштерин күчөтүү маселелери талкууланды.

Министр аксакалдар институтунун коомдогу ролу маанилүү экенин белгилеп, тарбиялык багыттагы демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Ошондой эле Ош облусунун тургуну Камалдин Алымкулов аксакалдын жаштардын дене тарбиясын өнүктүрүүгө багытталган экологиялык таза гантелдерди жасоо долбооруна колдоо көрсөтүү маселеси каралары айтылды.

Өз кезегинде аксакалдар министрликке ыраазычылык билдирип, жаштар арасында улуттук наркты жайылтуу жана тарбиялык иштерди күчөтүү боюнча кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: