Кыргызстан менен Европа Бирлигинин кызматташтыгында жаңы багыттар талкууланды
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы Европа парламентинин депутаты Жузи Принчи жетектеген делегацияны кабыл алды. Делегациянын курамында Европа парламентинин депутаттары Свен Симон, Тьерри Мариани жана Кристиан Вигенин болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Жылдыз Таалайбек кызы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүн Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 18-жыйыны өттү.
"Бул иш-чара парламенттер аралык диалогубузга кошумча дем берип, тараптардын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенем", — деди ал.
Ошондой эле төраганын орун басары Европа Бирлиги Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарынан бери ишенимдүү өнөктөш болуп келе жатканын белгилеп, Европа Бирлиги менен кызматташууну бекемдөөгө Кыргызстан чоң маани берерин айтты. Ал европалык тараптын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалап, өткөн жыл эки тараптуу мамилелер үчүн динамикалуу жана жемиштүү болгонун кошумчалады.
Мындан тышкары Жылдыз Таалайбек кызы алдыдагы сапарлар, Европарламентинин Кыргызстан боюнча резолюциялары, ошондой эле 2024-жылы кол коюлган кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Өз кезегинде Европа парламентинин депутаты, делегациянын жетекчиси Джузи Принчи Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы эки тараптуу мамилелерге оң баа берип, жолугушуу ачык жана конструктивдүү маанайда өткөнүн белгиледи. Ал Европа парламентинин делегациясы бардык кызыктырган суроолоруна толук жооп алганын айтып, Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















