super.kg logo

Чүйдө бычак менен жаракат келтирүүгө шектелген эки жаран кармалды

 
Чүйдө бычак менен жаранга жаракат келтирген деп 22 жаштагы эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, 14-февралда болжол менен саат 00:30 чамасында Т.М., Т.Ж. жана К.К. аттуу жарандар мас абалында Бишкек шаарынан Петровка айылына барган. Фрунзе көчөсүндө алар А.Э. аттуу жаран жана анын тааныштары менен жолугушуп, алардын ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланган. Мушташ учурунда Т.М. аттуу жаран А.Э.ге бычак сайып, жаракат келтирген. Окуядан кийин шектүүлөр Honda үлгүсүндөгү автоунаа менен окуя болгон жерден качып кетишкен.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.
Натыйжада 2003-жылы туулган Т.Ж. жана Т.М., аттуу жарандар аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: