super.kg logo

Бишкекте баңгизат колдонууга үндөгөн шектүү кармалды

 
Бишкек шаарынында баңгизат колдонууга үндөгөн шектүү кармалды. Бул тууралуу 16-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Матыев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз жигит кыздарга баңгизат (мефедрон) берип жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери эки кызды жана бир жигитти милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган батирде баңгизаттын бир нече түрү колдонулганы аныкталып, бул медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен тастыкталган. Ошондой эле тергөө материалдарында жарандарды баңгизат колдонууга азгыруу фактысы бар экендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга азгыруу, ошондой эле аларды колдонууга ачык чакырыктар, жарнамалоо) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1992-жылы туулган К.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: