Конституциялык сот президенттин сунуштамасын кароого киришти
Конституциялык сот бүгүн, 17-февралда өлкө башчы Садыр Жапаровдун президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу сунуштамасын кароого киришти. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.Кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо тартибинде (тараптардын катышуусуз) жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.
Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Андан соң өлкө башчысы Конституциялык сотко кайрылды. Сот Жапаров кайрылуусунда президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Башмыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранганын белигиледи. Буга удаа өлкө башчы сунуштама боюнча түшүндүрмө берген.
Бул арада ИИМ аталган топтун адамдары суракка алынып, 5 жаран кармалганын билдирди. Аларга үч берене боюнча кылмыш иши козголуп, 10-апрелге чейин камакка алынды.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушу эмнеге алып келди? Бул шилтемеден окуңуз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:49
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















