super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети Солтобаевди транспорт министри кызматына дайындоого макулдук берди

 

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети Талантбек Солтобаевди транспорт жана коммуникациялар министри кылып дайындоого макулдук берүү маселесин карады.

Жыйында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообеков талапкер тууралуу маалымат берди.

Талкуу маалында депутаттар өлкө боюнча автомобиль жолдорун, социалдык объекттерди куруу жана оңдоо иштеринин өз убагында бүтүрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында комитет Талантбек Солтобаевди транспорт министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берип, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди.

Белгилей кетсек, Солтобаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп 16-февралда дайындалган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: