Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертти
Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.
Мекеме билдиргендей, белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, мессенжерлер аркылуу жарандарга алардын атына акча которулгандыгы, бирок ал акчаны алуу үчүн комиссиялык төлөм жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.
"Мындай билдирүүлөргө жана чалууларга ишенбеңиздер жана бейтааныш адамдарга акча которбоңуздар. Эгерде күмөн санасаңыз, расмий булактардагы маалыматты кайрадан текшериңиз.
Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенжерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.
Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз",- дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:55
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















