Караколдо төрт факт боюнча алдамчылыкка шектүү кармалды
Каракол шаарында төрт факт боюнча алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу 16-февралда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, милицияга 1973-жылы туулган А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда алтын саткан павильонунан белгисиз жаран карызга деп алдап, кызынан 112 миң 500 сомдук алтын чынжырча алып кеткен. Алдын ала иликтөөлөрдө, мындан мурда да ушуга окшош фактылар катталгандыгы белгиленген:
• 2021-жылдын 21-ноябрында Каракол шаарынын алтын саткан павильонуна белгисиз, тааныбаган азиат улутундагы адам келип, жашы жете элек кыздан эки даана алтын браслетти алдап алып кеткен. Келтирилген чыгым – 40 миң сом.
• 2023-жылдын 4-майында Каракол шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган Г.К. арыз менен кайрылып, белгисиз адам андан 21 миң сомдук алтын иймек алып, алдап кеткенин билдирген.
• 2026-жылдын 12-январында Ак-Суу районунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Р. арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 31-декабрында белгисиз адам анын ишеничине кирип, 11 миң 600 сомдук эт алып, акчасын бербей алдап кеткенин билдирген. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Чолпон-Ата шаарынын 1993-жылы туулган А.М. аттуу тургуну аныкталган. Шектүү Бишкек шаарынан кармалган. Ошондой эле ал бардык төрт факт боюнча күнөөсүн толук мойнуна алып, ага карата 1 ай камакка алуу чарасы тандалган. Тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:24
2026-02-17
14:37
2026-02-17
10:23
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















