Кечээ күнү кандай кадрдык өзгөрүүлөр болду?
Кечээ, 16-февралда 3 министр, 1 министрдин орун басары жана 1 мамлекеттик ишкананын директору кызматтарынан алынышты.
Тагыраагы, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматынан алынып, ордуна министрдин орун басары Урматбек Шамырканов дайындалды. Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулуп, ал кызматка "Кыргызгеология" мамлекеттик агенттигинин директорлук кызматын ээлеп турган Акыл Токтобаев бекитилди. Ошондой эле Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан алынып, Талантбек Солтобаев анын ордуна барды.
Белгилей кетүүчү жагдай Солтобаев сентябрь айында транспорт министринин биринчи орун басары кызматын аркалап турган учурда Нарын шаарындагы Шералиев, Ленин көчөлөрүндөгү жолдорду капиталдык оңдоодо мыйзамсыз иштерге барган деген негизде УКМК тарабынан камакка алынган. Дагы айта турчу нерсе, жогоруда аты аталгандар министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалышкан. Эми алардын талапкерликтери Жогорку Кеңешке киргизилет.
Мындан тышкары Болот Жусупбеков жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Айвар Монолдоров Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директорлугунан алынып, Тимур Малбашев аталган кызматка барды.
Кечээ күнү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Салмоорбек Жумабеков кызматтан алынганы тууралуу маалыматтар чыкты. Бирок расмий маалымат бериле элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















