Адамды кайсы тамак-аш эрте картайтат?

Ар бир адам даамдуу тамак-аш жегенди жакшы көрөт. Бирок көбүнчө жеген тамактар организмге канчалык пайдасын же зыянын тийгизип жатканына көп маани берилбей калат. Курсакты кампайтканы менен, айрым тамак-аштар ден соолукка пайдасыз же зыян. Ушул темада диетолог, нутрициолог Анара Бекешованын маалыматына таянып кеңеш берели деп чечтик.
ПАЙДАСЫЗ ТАМАК-АШТАР
Кийинки жылдарда күнүмдүк рационубузга организмге пайдасыз тамак-аштар көп кирүүдө. Алар узакка сакталуучу, курамында клетчатка, витаминдер жана ферменттер жок (болсо да өтө аз), өнөр жайларда атайын иштетүүдөн өткөрүлгөн тамак-аштар. Адамды эрте картайтып, оору жаратуучулар да ушулар.
• Фаст-фуд: гамбургер, шаурма, самса
Фритюрда бышырылган азыктар организмде эркин радикалдарды жаратат. Эркин радикалдар клеткаларды, теридеги коллагендерди бузуп, теринин эрте картайышын шарттап, боор жана онкологиялык оорулардын жаралышына жол ачат. Фаст-фуддар көбүнчө трансгендик майларды (маргарин, кулинардык май, мурун бир нерсе куурулган же бышырылган май жана башка) колдонуу менен даярдалат. Андай май тамакты даамдуу кылганы менен, зыяны көп. Алар жаман холестеринди, көп калорияны берет. Натыйжада семирүү, жүрөк-кан тамыр, ичеги-карын оорулары жаралат. Адам шалдырайт, эс-тутум, ойлоо жана иштөө жөндөмдүүлүгү начарлайт.
• Грилде бышкан тоок
Тоок этин электр грилинде катуу ысытып, бат бышырууда бензапирен (химиялык кошулма) пайда болот. Ал организмге аздан кире берсе, рак жаралат. Анткени бензапирен канцерогендерге (химиялык зат, онкогендик вирус) кирет.
• Колбаса, сосиска
Колбаса, сосискалардын курамында даам берүүчү сульфиттер жана консерванттар бар. Аларды көп жей бергенде организмде алгач сезгенүү, анан оору жаралат, көбүнчө ашказан, ичегиде.
• Кант, кондитердик азыктар, газдалган суусундуктар
Булар семирүүнү, кант диабетинин 2-түрүн, кариести жаратат. Уйку безине күч келтирип, жүрөк-кан тамыр ооруларынын жаралышына кошумча болуп, иммунитетти түшүрөт. Канттын молекулалары теридеги коллагенди бузуп, теринин серпилгичтигин жоготуп, бырыштардын түшүшүнө жол ачат.
• Даам жана түс берүүчү боёктор, узакка сакталышы үчүн синтетикалык заттар кошулган тамак-аштар: кукси, жарым фабрикаттар (чүчпара, манты, фрикадельки, котлета). Булар атеросклероз, жогорку кан басым, ичеги-карын ооруларын жаратары маалым.
• Майонез, кетчуп, соус
Булар да жасалма жана организмге зыян азыктар. Курамындагы кошулмалардан көбүнчө аллергия жаралат. Көп колдонгондо ашказан-ичеги оорулары пайда болот.
• Окорочка
Тооктор оорубай, бат чоңоюп, салмак кошушу үчүн антибиотиктер жана жасалма гормондор менен багылат. Тооктун сан этиндеги майларга тоокко берген жемдерден топтолгон эң зыяндуу заттар чогулат. Мисалы, диоксиндер. Бул зат организмге ашыкча киргенде анык ууга айланат. Уйку безди, өпкөнү, иммундук системди жабыркатат. Курсак жана көкүрөк көңдөйүндө жайгашкан органдарга таасир берип, өнөкөт ооруларды козгойт. Нерв системинин иштөөсүн, канды бузат. Ракка да жеткирүүсү мүмкүн.
ЖАЛПЫ ЗЫЯНЫ КАНДАЙ?
Пайдасыз тамак-аштардын жогоруда айтылгандардан тышкары төмөнкүдөй да жалпы зыяндары бар:
• Мындай тамак-ашты организм сиңирүү үчүн өзүндөгү энергия менен запасындагы ферменттерди коротууга аргасыз болот. Бирок ага карабай сиңбеген тамак-аш калдыгы көп болот. Алар ичегиге барганда ирип-чирип, жаман газ, шлак жана уулар жаралат. Уулар ичегинин капталдары аркылуу канга сиңет. Кандагы ууларды бөлүп чыгарам деп боор күчтөнүп иштейт. Акыры боор ооруга чалдыгат.
• Кан тамырларды зыяндуу холестерин бүтөй баштаса, инсульт же инфаркт жаралышы мүмкүн.
• Денеде ферменттердин өлчөмү азайган сайын иммунитет начарлайт, бетке бырыш түшүп, адам картая баштайт.
• Шлактар органдарда жана кан тамырларда топтоло баштайт да, оорулар келип чыгат. Мисалы, бөйрөктө таш пайда болот жана башка.
КЕҢЕШТИ ЭСКЕ АЛА ЖҮРҮҢҮЗ...
• Пайдасыз тамак-аштарды жегенде алар менен кошо жашылчалардан жасалган салаттарды пайдалануу сунушталат. Жашылча, жемиштердеги ферменттер тамак-ашты сиңирүүгө жардам берет.
• Этти сууга же бууга бышырып жеген оң.
• Тамак жасаганда жашылчаларды эт менен кошо куурубай, аягында кошуу керек.
• Адам оорубаш үчүн пайдасыз тамак-аштарды абдан аз колдонушу зарыл.
• Тамакты жашылча кошуп жасаган менен, тамак узакка кайнаса же куурулса андагы фермент, витаминдердин көбү “өлүп” калат. Өлгөндөн калгандары ал тамактын калганын жеш үчүн кайра ысытканда жок болот. Бул тамак – пайдасыз тамак.
• Даяр тамак-аштар пайдасыз болуп калбашы үчүн аларды сактап жештин мөөнөтү бар. Мисалы, кыргыз той-аштан алып келген эт, казы, карта, палоо, куйрук, чучукту 2-3 күндө, беш бармак, балыкты эртеси жеп түгөтүү, ашып калса ыргытуу керек. Негизи эле бышкан тамак муздаткычта 2 суткадан ашык турса, андагы витаминдер өлө баштайт, бактериялар көбөйүп, ашказан-ичегиге жагымсыз болот. Курсак тойгону менен, организм зыяндан башка эч нерсе таппайт.
КОШУМЧАЛАЙ КЕТСЕК...
Организмге пайдалуусу – бул курамында фермент, микроэлемент, витамин, амин кычкылдары жана клетчаткалар бар табигый азыктар. Негизи адамдын жеген тамак-ашы майдаланып, эрип жана организмге сиңиши үчүн көптөгөн фермент түрлөрү керек. Ал үчүн тамак-аш туура жасалууга тийиш. Ал эми төмөнкүлөр организмге пайдалуу экени белгилүү:
• Жашылчалар жана жемиштер
• Жаңгак түрлөрү
• Татымал көк чөптөр
• Кактар жана кургатылган жашылчалар
• Дан өсүмдүктөрү
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















