super.kg logo

Агартуу министрлиги окуучулардын каникулдары боюнча түшүндүрмө берди

 

Өлкөдө мектеп окуучулары үчүн ар бир окуу жылында нормативдик тартипте 30 күндүк каникул күнү каралган. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.

Мыйзамга ылайык, күзгү каникул болжол менен 9, кышкы каникул 12, жазгы каникул 9 күн болгон.

2026-жылдын 1-январынан тартып жаңы Эмгек кодекси мыйзамдуу күчүнө кирди. Ага ылайык январда (1-январдан 6-январга чейин) жана майда (1-майдан 8-майга чейин) эки узак мөөнөттүү иштебеген майрам күндөрү белгиленген.

Аталган Эмгек кодексине ылайык 7-январь, 5-май жана 9-май да майрам күндөрү болуп эсептелет. Эгерде 10-11-январь жана/же 10-11-май дем алыш күндөрүнө туура келсе, анда кышкы каникулдун жана май айындагы майрам күндөрүнүн жалпы узактыгы 12 күнгө чейин жетиши мүмкүн.

Аталган нормалар мектептик билим берүү системине да колдонулат. Ушуга байланыштуу окуучулар жыл сайын каралган үч каникул мезгилинен тышкары, 1-майдан 10-майга чейинки майрам күндөрүндө да окуу процессинен бошотулууга тийиш.

Ошентип, бир окуу жылындагы каралган жалпы 30 каникул күнүнүн 24 календардык күнү иш жүзүндө январь айындагы кышкы каникулга жана май айындагы иштебеген майрам күндөрүнө туура келет.

Калган 6 каникул күнү күзгү (ноябрь айы) жана жазгы (март айы) каникулдарга бөлүштүрүлүүгө тийиш. Бул окуу графигин түзүүдө жана каникулдардын белгиленген узактыгын сактоодо тийиштүү түрдө эске алынышы керек.

Ал эми жазгы каникул 6-марттан 8-мартка чейин (дем алыш күндөрүн кошкондо 3 календардык күн) болуп белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: