super.kg logo

Чүйдө чогуу жашаган таанышын өлтүрүүгө шектүү кармалды 

 
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелген 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-февралда райондук милицияга Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде 66 жаштагы З.Л. аттуу жарандын ар кандай дене жаракаттары менен жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Тершерүүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн үйдөн аталган жарандын сөөгү табылган. Маркум ал үйдө 44 жаштагы М.Р. аттуу жаран жана анын эки баласы менен чогуу жашап келген.
"Маркум каза болгон күндүн алдында М.Р. менен бирге спирт ичимдиктерин ичишкен. Алардын ортосунда чыр-чатак чыгып, 44 жаштагы шектүү жабырлануучуга дене жаракаттарын келтирген. Натыйжада ал алган жаракаттарынан улам каза болгон",- деп билдирди милиция.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: