Депутат мектепке жакын жолго жөө адамдар өтүүчү өтмөк куруу зарылдыгын айтты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Чомоев парламенттин тармактык комитетинин 17-февралдагы жыйынында Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун 27-чакырымына жөө адамдар өтүүчү өтмөк куруу зарылдыгын айтты.
Айтымында, бул тилкеге жакын мектеп жайгашкандыктан, окуучулар жол кырсыктарына көп кабылышууда.
"Жолго жакын мектеп бар. Ошол жерде оор жүк ташуучу унаалар көп жүрөт жана окуучулар жол кырсыктарына көп кабылышууда. Ал жакка жер алдындагы же жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруу пландалып жатабы? Балдар жолдун алдындагы түтүк менен өтүп жатышат",- деди депутат.
Транспорт министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев унаа жолдун аталган тилкесинде жөө адамдар өтүүчү өтмөк куруу пландалып жатканын белгиледи.
"Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун 28-чакырымына жер алдынан өтүүчү өтмөк куруу титулдук тизмеге киргизилди. Азырынча 10 миллион сом каралды. Буюрса, быйыл баштайбыз",- деди орун басар.
Депутат жөө өтмөк боюнча айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















