Кытайда турист билет сатып ала албаганы үчүн аэропорттогу техникаларды талкалап салды (видео)
Улуу британиялык турист билет сатып алууда кыйынчылыктарга туш болгону үчүн Кытайдын Гонконг аэропортундагы жабдууларды талкалап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, анда ал терминалдан билет сатып алууга аракет кылган. Бирок сатып алуу аракети ийгиликсиз болгондо ачуусун баса албай калып, өзүн-өзү башкарган техникаларга зыян келтирген.
Аэропорттун кызматкерлери жалпысынан онго жакын техника зыянга учураганын билдиришти. Жергиликтүү полиция туристти камакка алып, анын баштыгынан өлкөсүндө тыюу салынган каражаттарды тапкан.
Билет сатып алууда кыйынчылыкка туш болгон турист аэропорттогу техникаларды талкалап салган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:04
2026-02-17
10:37
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















