Жатаканага кирип барышкан... Бишкекте чет өлкөлүк кызды тоноого шектелгендер кармалышты
Бишкекте 24 жана 22 жаштагы жигиттер каракчылыкка шектелип кармалышты. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 2 күн мурун, тагыраагы, 15-февраль күнү таңкы саат 06:30 чамасында Жалил көчөсүндө жайгашкан жатаканага кирип барышып, чет өлкөлүк кызды бычак менен коркутушуп, анын бриллиант сөйкөсүн жана билеригин тартып алышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Тергөөдө уурдалган зер буюмдар алынган жана ээсине кайтарылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкекте чет өлкөлүк кызды тоноого шектелгендер кармалышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:24
2026-02-17
10:23
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















