super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын жабдуулар тапшырылды

 

Бүгүн, 17-февралда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына жаңы атайын жабдууларды тапшырды.

Мэриянын берген маалыматына ылайык, иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, министрликтин кызматкерлери катышты.

"Биз дайыма сиздерди колдоп, керектүү шарттарды түзүп турабыз. Жаңы шаймандар сиздерге күнүмдүк жооптуу жана катаал ишиңиздерде эң маанилүү курал болуп кызмат кылат. Ар кандай кырдаалга даяр болууга жана шаар тургундарына ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт",- деп баса белгиледи мэр.

Белгилей кетсек, 2023-жылы ӨКМ башкармалыгын камсыздоого болжол менен 5 миллион сом каралган болсо, акыркы эки жылда бул каржылоо 10 миллион сомго чейин көбөйдү.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: