Орозодо эмнелерге уруксат берилип, эмнелерге тыюу салынат?
Мусулман коомчулугу чыдамсыздык менен күткөн Орозо айынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Бул жылы өлкөдө Орозо айы 19-февралда башталат. Мындан улам орозо кармоонун эрежелери, шарттары тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.
Орозонун сырлары
Таң аткандан күн батканга чейин жеп-ичүүдөн жана жыныстык катнаштан тыйылууну «Орозо» деп аталат. Балагатка жеткен жана акыл ээси жайында болгон ар бир мусулманга рамазан айында орозо кармоо парз. Орозо кармаган адам эртеден кечке чейин ибадат кылып, напси менен күрөшүп жаткандыгын билиши керек.
Орозо жашоодо адамга эң керектүү чечкиндүүлүк, сабырдуулук, туруктуулук, эрктүүлүк, топуктуулук, шүгүрчүлүк, кайратмандык, напсинин азгырыгына алданбоо сыяктуу касиеттерге тарбиялайт.
Орозо адамды ач калтырып, жыныстык канташтан алыс кармоо менен Кудайдын чексиз жакшылыктарын кадыр – баркын сездирет. Ошону менен бирге, кедей – кембагалдардын ал-абалын эске салып, аларга камкор мамиле жасоого шыктандырат. Шүгүр келтиргенди үйрөтөт.
Муфтият орозонун пайдаларын айтат
Ачка жүргөндө жүрөк бейпил, зээн курч абалда болуп, ал эми ток жүргөндө наадандык жана унутчаактык күч алат.- Ач жүргөндө жүрөк ийге келип жумшак болот да, дуба – ибадаттары ырахаттануу менен орундоого болот. Ал эми ток кезде жүрөк катуу болуп, ибадаттардан эч кандай ырахат алынбайт.
- Ач жүргөн кезде жан дүйнө сергип, адам кичи пейил болсо, ал эми ток жүргөндө текеберлик, бой көтөрүүчүлүк, мактанчаактык сыяктуу жаман сапаттар күч алат.
- Ач жүргөндө күнүмдүк нанына жетпеген кедей – кембагалдар, жарды – жалчылар жетим – жесирлер эске түшөт.
- Ач жүргөн кезде дене – мүчө чыйрак, сергек абалда болот. Ток кезде адамга уйку, ыкшоолук, жалкоолук сыяктуу сезимдер үстөмдүк кылат.
- Ачка жүргөндө ибадаттарды аткаруу жеңил.
- Аз – аздан тамактанып жүргөн кезде ден – соолук чын болсо, ашыкча тоюуп жүргөндө ден – соолук акырындык менен алсырап, ар кандай ооруларга чалдыгат.
- Ачка жүргөндө адам өзүн жеңил сезсе, ток кезде ыкшоо тартып өзүн оор сезип калат.
- Ач жүргөн кезде кайыр – садака берүү, кызмат кылуу абдан жеңил.
Орозого организмди кантип даярдоо керек?
Адистердин айтымында, орозо учурунда төмөнкү эрежелерди эске алуу зарыл:
- Орозонун алгачкы күндөрү баш оорудан сактануу үчүн кофе менен чайды ичүүнү азайтуу керек.
- Кант, туз жана майлуу тамактарды колдонууну азайтуу кажет. Анткени бул сиздин организмиңиз орозого оңой көнүүгө жардам берет;
- Сууну көп ичүү абзел – күнүнө жок дегенде 1,5 литр, мүмкүн болсо жылуу суу ичиңиз. Бул организмдин суусуздануусунун алдын алат. Сууну канча ичүү керектигин эсептесе болот. Атап айтканда, 1 килограмм салмакка 30-35 миллилитр суу туура келет;
- Эртең менен эрте тамактанууга көнүңүз. Таң эрте туруп, сухур маалындагыдай эртең мененки тамак ичүүнү баштаңыз;
- Рационуңузга татаал углеводдорду: ботко, дан азыктары, буурчак өсүмдүктөрүн кошуңуз. Булар узак убакытка чейин энергияны сактоого жардам берет;
- Организм күн тартибинин өзгөрүшүнөн стресске кабылбашы үчүн уйку тартибин жөнгө салыңыз.
Орозодо эмнелерге уруксат берилет?
- Орозо кармаган адам шилекейин жутса болот. Кээ бирөөлөр "шилекейди түкүрүп туруш керек" деп айтышат, бул адамдагы табигый нерсе болгондуктан, жутса орозо бузулбайт.
- Орозо учурунда денеден, ооздон кан, ириң акса орозо бузулбайт. Бирок тиши же оозу канап кетип, ошол канды түкүрбөй жутуп алса, анда орозо бузулат.
- Орозо учурунда ооз чайкоого, сууга түшүүгө уруксат берилет. Бирок өтө этияттык менен, себеби оозго же кулакка суу кирип кетүүсү мүмкүн.
- Унутуп тамак жеп же суу ичип алса бузулбайт. Оозду чайкап алып, орозону уланта берсе болот.
- Бала эмгизип жаткан эне өзүн жакшы сезсе, балага зыяны тийбесе орозо кармаса болот. Негизи боюнда бар аялдар, этек кири келип жаткан кыз-келиндер, эмчек эмизген энелер, оорукчан адамдар орозодон бошотулат.
- Орозо учурунда тиш ооруп жатса, дарылатууга болот. Болгону дарылоо учурунда суюктук кекиртектен ары кетпеши зарыл.
- Орозо учурунда каалоосуздан кусуп жиберсе бузулбайт. Бирок атайлап кускан учурда орозосу бузулат.
- Баланы бетинен өөп эркелетсе болот. Чоңдор менен да өбүшүп учурашууга уруксат берилет. Болгону чектен ашып кетпеш керек.
Орозодо эмнелерге уруксат берилбейт?
- Тамеки же кальян тартса орозо бузулат. Ошондой эле арча күйгүзүп, түтүнүн атайалап жутса ооз ачылат.
- Тиште калып кеткен тамакты же этти ооздон сыртка чыгарбастан жутуп салган учурда, анын көлөмүнө каралат. Эгер ал буурчакка барабар болсо же андан чоң болсо орозо бузулат, кичине болсо бузулбайт. Ал эми тиштеги калдыкты сыртка чыгарып кайра жеп салса, анда кичине же чоңдугуна карабастан орозосу бузулат.
- Орозо учурунда жубайлардын кошулуусуна болбойт. Эгерде кошулуп алса ооз ачылган болуп саналат. Бул үчүн орозо бүткөндөн кийин 60 күн тынбай кармоого туура келет.
- Орозо учурунда ийне сайдырганга, дары ичкенге болбойт.
- Ооз жабылгандан кийин тишти паста менен жууганга болбойт. Мисвак менен же тиш щёткасы менен жууганы туура болот.
- Орозо экени эсинде болуп туруп, даарат алып жатып оозунан же мурдунан суу кирип, кокустан кекиртектен өтүп кетсе, орозосу бузулат. Мындай учурда бир күнүнө бир күн орозонун казасын кармап берет.
- Орозодор адам оозуна насвай салса же кулагына даары куйса же клизма жасаса орозосу бузулат. Бул учурда бир күнүнө бир күн орозо кармап казасын тутат.
- Тиш канап, канын жутуп алса орозосу бузулат. Эгер кан аз болсо жана таңдайы кандын даамын сезбесе бузулбайт.
Орозо экенин унутуп калса эмне болот?
Орозодо орозо экенин таптакыр унутуп жеп-ичип алса, анан орозо экени эсине түшсө орозосу бузулбайт, орозосун уланта берет. Бирок унутуп жеп алып «орозом бузулуп калды» деп ойлоп, андан ары атайлап жеп ичүүнү улантса, эми орозосу бузулду. Ошол күндүн орозосунун казасын кармайт.
Саарлык (сухр) убактысы өтүп кеткенден кийин, убакыт бүтө элек деп ойлоп саарлык тамагын жеп алса, орозо туткан адамдай уланта берет. Бирок ал орозо деп эсептелбейт. Ошол күндүн орозосунун казасын башкадан тутуп берет. Дал ушундай эле күн бата электе эле күн батты деп ойлоп оозун ачып алса, орозо туткан адамдай уланта берет. Бирок ал орозо деп эсептелбейт.
Адам орозону ниет кылбастан эле жеп-ичпесе орозо деп эсептелбейт.
Бул айда «таң аткандан күн батканча Рамазан айынын орозосун кармоону ниет кылдым» деп ниет кылат. Ниет кылгандан кийин таң атканга чейин убакыт бар болсо жеп-ичсе болот. Ооз жабуу убактысы бүтүп калса, анда жеп-ичүүгө болбойт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















