Орозо маалында туура тамактануу ден соолукка маанилүү. Адистердин кеңеши

Орозо – бул жөн гана ачка жүрүү эмес, ал руханий тарбия, сабырдуулук жана өзүн-өзү көзөмөлдөө мектеби. Айрыкча орозо айында мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин ооз бекитип, күн баткан соң ооз ачышат. Бул мезгилде туура тамактануу ден соолукту сактоонун негизги шарты. Анткени күн бою ачка жана суусуз жүргөн организмге кечинде оор, майлуу тамак берүү ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Төмөндө ооз ачууда жана бекитүүдө кандай тамак-аштарды тандоо керектиги тууралуу адистерден кеңири маалымат.
Ооз ачуу: ашказанды акырын ойготуу
Күн бою эс алган ашказанды дароо эле оор тамак менен толтуруу туура эмес. Адистер ооз ачууда жеңил жана бат сиңген азыктарды сунушташат.
Биринчиден, адатта оозду курма жана суу менен ачып алуу керек. Анткени курманын курамында табигый кант бар, ал организмге бат энергия берет. Суу болсо күн бою жоголгон суюктукту калыбына келтирет.
Эмне үчүн пайдалуу?
- Кан басымды тез калыбына келтирет;
- Ашказанды оорутпай иштетет;
- Баш айланууну азайтат.
Экинчиден, курма менен суудан кийин жеңил шорпо ичүү сунушталат.
- Жашылча шорпосу
- Тоок шорпосу
- Жай кайнатылган эт шорпосу
Шорпо ашказанды тамак сиңирүүгө даярдайт жана организмге суюктук берет.
Үчүнчүдөн, негизги тамак. Аны өлчөм менен гана жегенге болот. Кандай тамактарга артыкчылык берүү керек?
- Бууга бышкан же кайнатылган эт;
- Жашылчалар;
- Гречка, күрүч кошулган ботколор;
- Салаттар;
Куурулган, өтө майлуу жана ачуу тамактардан алыс болуу сунушталат.
4. Таттуулар – ашыкча эмес. Орозодо таттуу тамактарга кызыгуу көбөйөт. Бирок торт, ашыкча кошулмалары бар таттууларды чектөө керек. Анын ордуна:
- Мөмө-жемиш;
- Жеңил пудинг;
- Бал кошулган чай сунушталат.
Ооз бекитүү: Күн бою энергия бере турган тамак
Ооз бекитүү – күн бою ачка жүрүүгө даярдык. Ошондуктан бул маалда туура азыктарды тандоо өзгөчө маанилүү.
1. Белокко жана клетчаткага бай тамактар токчулук сезимин узартат:
- Жумуртка
- Сүзмө
- Быштак
- Сулу боткосу
- Кара нан
Бул азыктар жай сиңет жана кандагы канттын деңгээлин туруктуу кармайт.
2. Суюктукту көбөйтүү
Таңкы маалда жетиштүү суу ичүү керек. Бирок бир убакта өтө көп суу ичип алуу да туура эмес. Сууну жай, аз-аздан ичүү сунушталат. Газдалган суусундуктардан жана өтө таттуу ширелерден алыс болуу керек — алар тез суусатат.
3. Туздуу жана ачуу тамактардан сактануу
Туздуу колбаса, маринад, ачуу тамактар күндүз катуу суусоону жаратат. Ошондуктан мындай азыктарды минималдуу колдонуу сунушталат.
Эмнелерден сак болуу керек?
- Ашыкча жеп алуу
- Куурулган жана майлуу тамактар
- Газдалган суусундуктар
- Кечкисин дароо уктап калуу
Орозодо туура тамактануу ден соолукту сактоонун жана руханий тазалануунун бир бөлүгү. Тамак-ашты өлчөм менен, пайдалуусун тандоо организмди алсыратпай, тескерисинче, чыңдайт.
Ооз ачууда ашказанды акырындык менен иштетип, жеңил тамактануу керек. Ал эми ооз бекитүүдө күн бою энергия бере турган, жай сиңген азыктарды тандоо маанилүү. Ден соолукка кам көрүү ар бир адамдын милдети. Орозо учурунда туура тамактануу менен руханий гана эмес, физикалык жактан да пайдалуу жыйынтыкка жетише ала турганыңызды адистер эскертишет.
Белгилей кетсек, бул жылы Орозо айы 19-февралда башталат. Өлкөдөгү ооз бекитүү жана ооз ачуу убактыларын шилтемеден көрө аласыздар.
Ал эми Орозодо эмнелерге уруксат берилип, эмнелерге тыюу салынганы тууралуу макаланы бул жактан окуй аласыз.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















