super.kg logo
  Саясат  

Атайын кызмат ИИМ менен тирешүү тууралуу маалыматтарды четке какты

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигинин ортосунда тирешүү болуп жатканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү бардык укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде жана өз ара тыгыз кызматташтыкта иш алып барышат. Алар улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоо, ошондой эле мамлекеттеги туруктуулукту бекемдөө сыяктуу бирдиктүү максаттарды жетекчиликке алышат.

Эске салсак, акыркы эки күндө ИИМ атайын кызматтын бир нече кызматкерин кармаган. Ал эми УКМК кармоо иш-чаралары президенттин тапшырмасынын негизинде Аскер прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле атайын кызмат жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана коомдук ишмерлерди маалыматтарды расмий булактарга таянып гана таратууга чакырды.

"УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы, сот системи, Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы жана башкаларда кол тийбестикке ээ адамдар болушу мүмкүн эмес. Кызмат ордуна, кызмат өтөө мөөнөтүнө же мурунку жетишкендиктерине карабастан, ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Мамлекет катардагы ак ниетсиз кызматкерлерди тазалоо, тартипти чыңдоо жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу багытындагы саясатты ырааттуу жүргүзөт. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат",- деп белгиледи мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: