Спорттук күрөш: Даярдык жана координация маселелери каралды
Бүгүн, 17-февралда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Күрөш федерациясынын мүчөлөрү менен Азия чемпиондугуна даярдык маселелерине арналган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйында 7-12-апрель күндөрү өтө турган грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча чемпиондукту уюштуруу, спорттук инфратүзүмдү даярдоо, командаларды жайгаштыруу, логистика, катышуучулар менен ММКларды аккредитациялоо, коопсуздук жана медициналык камсыздоо маселелери талкууланды. Ошондой эле делегациялар үчүн маданий программа каралды.
Мамлекеттик түзүмдөр, Күрөш федерациясы жана уюштуруу комитети ортосундагы өз ара аракеттенүү координацияланды. Жооптуу адамдар аткарылган иштер жана учурдагы даярдык боюнча отчет беришти, ыкчам чечүүнү талап кылган маселелер белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында Казыбек Молдажиев чемпионатты өз убагында жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн конкреттүү тапшырмаларды берди, даярдык графигин так сактоо жана эл аралык стандарттарга ылайык уюштуруу маанилүү экенин баса белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















