"Укпайын мен..." Өкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотуу талабын койду
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы жыйында укук коргоо органдарына ишкерлерге болгон негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу боюнча катуу тапшырма койду.
“Укпайын мен мындан кийин. Текшерүүлөргө мораторий жарыяланган. Эгерде мыйзам бузуп жатышкан болсо, анда бир жөн. Жөн эле барып алып, "мынча бер, тигинче бер" деген токтосун. Мен биздин балдарды да жөнөтүп турам, сурамжылатып да турам.
Экономикага алардын салымы абдан чоң. Алар салык төлөйт, дал ошол салыктын эсебинен өлкөдө курулуштар жүрүп жатат. Кыргызстан эми кичинекей эле мамлекет, андыктан сөздөр угулат, жетет",- деди ал.
Өкмөт башчынын жыйын учурундагы видеосун УТРК жарыялады.
Өкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотуу талабын койду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:55
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















