super.kg logo

Садыр Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 17-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда мамлекет башчылары Кыргыз-Казак мамилелеринин бардык багыттары боюнча өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана суу ресурстары тармактарында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашкан.

Ошондой эле Токаев Жапаровго Казакстанда жүргүзүлүп жаткан, мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн өзөгүн түзгөн конституциялык реформа тууралуу маалымат берген. Ал эми Садыр Жапаров Казакстандагы масштабдуу өзгөрүүлөрдү, анын ичинде бир палаталуу парламентти түзүүнү колдой турганын билдирип, жалпы элдик референдумду ийгиликтүү өткөрүү тилектештигин билдирген.

"Президенттер ички саясий реформалар, чөлкөмдүк жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышып, муну менен бирге көп тараптуу форматта өткөрүлө турган алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын графигин карап чыгышты",- деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: